Балыктуу көлмөнү көп жылдар бою бир көк кытан мекендейт. Көп жылдык жашоо карылыкка жеткирет да, акыры улгаюнун укуругуна илинген көк кытан көлмөдөн балык кармап жегенге жарабай отуруп калат. Бирок күч аз болгону менен акылы толгон ал курсак тойгузуштун амалын табат да, көл жээгинде өзү менен өзү сүйлөшө баштайт. Аны уккан жакын жерде күнгө кактанып жаткан чаян суроо салат:
— Кытан аке, сага не болгон? Карылыктын айынан алжый баштаган жоксуңбу?
— Каяктан алжыган! Көп жыл уялаган көлмөмө күйүп жатпаймынбы…
— Эмне болуп кетти?
— Жакында адамдар келип, көлүбүздү соолутуп, балыктарды кармап кетишет экен. Мен го уча качам, сенин бутуң бар качып кетесиң, балыктарга эле жаман болду.
— Ыя, чын элеби! – чаян сууга секирип түшкөн бойдон жоголот. Кытанга ушул эле керек болчу, анткени балыктар менен мамилеси жакшы чаян аларга бул өзү ойлоп тапкан кабарды тез жеткирип, максатын ишке ашырууга жакшы жардам бермек.
Ойлогонундай эле аздан кийин көлмөдөгү балыктар дүрбөлөңгө түшүп, адамдар көлмөнү соолутса кандай арга кылабыз деп убайымга батышат.
Ошондо кепке кытан аралашат:
— Мен билем, кандай кылышты. Силер бул көлмөдөн көчүп кетишиңер керек!
— Кантип көчүп кетебиз? – деп чурулдашат балыктар.
— Силердин бутуңар да, канатыңар да жок, түшүнөм аны. Бирок мендей кошунаңар гана силерге жардам бере алат.
— Кандай жардам?
— Токойдун арасында адамдар билбеген көл бар, ошого мен силерди бирден ташып бара алам.
Аңкоо балыктар бул сунушка дароо макул болушуп, көк кытан аларды бирден тиштеп токойду карай уча баштайт. Бирок чаян ага көп ишенбей байкоо салып, анын улам токойго барып келген сайын учуусу жайлап, курсагы чыга баштаганын көрөт. Мындан улам анын арам максатын түшүнүп:
— Көк кытан аке, кезегим келди окшойт, менин деле адамдар билбеген көлдө жашагым келет, — дейт кууланып.
— Сен шашпа, акырында деле жеткирмекмин, -дейт кытан.
— Мен сенин жонуңа эле жармашып барам, оозуңа балык тиштей бер, бул байкуштардын меникиндей буту жок эмеспи, — деп макул болбойт чаян.
— Мейли анда, — деп чаянды жонуна жармаштырган кытан бир балыкты тиштеп учуп жөнөйт, бирок анча узабай эле аны жутуп жиберет. Муну көргөн чаян ошол жерден кытанды чагып алат. Көзү караңгылап, өзүн жоготкон карт кытан айланып келип көлгө кулайт.