Датасы: 25.09.2020
Формат: mp3

Айта турган сөзүм бар сага
Укчу досум көңүл бурчу мага
Алыс жерге аттанып кеткем
Ачка болуп акча жок убакта
Азап көрдүм жашымды төктүм
Мен көргөндү сен көрбөй өткүн
Өзүмө окшогон жетимдер менен
Өлбөстүн күнүн бирге өттүм
Кудай деген кур калбайт билем
Бирок кайсы Кудай мени менен?
Кайырма:
О-оо, Жараткан!
Жалбарам, жарык бер!
Баратам, сени издеп,
Караңгы жол менен.
О-оо, Жараткан!
Жалбарам, бакыт бер!
Пендеңе, элинен,
Аргасыз адашкан.
Байлык издеп башка жерлерден
Бакыт издеп башка элдерден
Башка калктын жараны болдуң
Башты тарттың үйгө келгенден
Балдарыңар тилин унутту
Билсе экен кыргыз улутун
Билинбестен миңге чачырап
Болбосо экен дилин унутуу
Өзгө элде өз болсоң деле
Өскөн жерге өлүгүң келет.
Кайырма:
Бүгүн ачка, эртең ток болор
Бүгүн байсың, эртең жок болор
Бүгүн үйдөн алыс кеткендер
Бир күн буйруп кайра топтолор
Бүгүн эмес эртең бүт болор
Бүгүлбөгөн элге күч толор
Мага окшогон миң деген кыргыз
Мекенине кайтып кут толор
Кудай деген кур калбайт билем
Кур намысты курчанып жүрөм
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *