Кыргызстан — тоолордун мекени,
Тунук суулар, токойлор, кендери.
Кылымдарга түбөлүк жашай бер,
Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним.
Көк асманды тиреген тоолорум,
Ак булутту жандаган зоолорум.
Жаратканым сулуулук бериптир,
Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.
Кайырма:
Кыргызстан — ыйык мекен,
Кыргызстан, койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп!
Ата Журтум, Ала-Тоом, мекеним,
Коргойбуз биз, сактайбыз өзүңдү.
Күн нуруна бөлөнүп жергебиз,
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз.
Ала-Тообуз — элимдин тиреги,
Көк асманга желбирейт желеги.
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз,
Бабалардын салтын биз барктайбыз.
Кумар Асанов — Кыргызстан тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 110176
калтасы жок!!!
Мага жакты
Мага жакты
Же сонун
Мага дакты
Zor
Абдан жакшы ыр.
Бул эмес болчу
Эң сонун ыр бул ыр дүйнөнү 1️⃣ места турабы
Жок
Кыргызстан киндик Кан тамган жер
Эң жакшы ыр
Рахмаат аябай жардам берди
Мага жакты соонун
Ова абдан жакты
Бул дагы эмес болчу
Суйомго ушул ырды