Көркөмүң (гана) көлдүн чүрөгү,
Көргөндүн күйөт жүрөгү.
Ойноп бир күлүп жүрсөк деп,
Ошондо жаштын тилеги.
Өзүңдөй сулуу болбосо,
Өзгөнү жигит сүйөбү.
Эй, өзгөнү жигит сүйөбү.

Сен (бир гана) айсын чалкыган,
Нурун (бир) чачып жаркыган.
Ак туйгун менмин асманда,
Жетсем деп сага талпынган.
Алыстап качып кетпейсин,
Акыры жетем артындан.
Деги акыры жетем артындан.

Көркөмүн (гана) сонун келишкен,
Көргөндүн жанын эриткен.
Көзүң (бир) чолпон жылдыздай,
Кимдин го жары дегизген.
Береке болсун жаштыкка,
Беришип таттуу мейизден
Деги беришип таттуу мейизден.

Уларсың (гана) учкан асманда,
Кубуласың жаш жанга,
Кутулбайсың туйгундан,
Кур (эле) бекер качканда,
Таркабайбы кумарың
Тең курбун бирге басканда,
Деги тең курбун бирге басканда,

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *