Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап,
Кызгалдактар гүл ачканда.
Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп-жана.
Бар-жогума кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.
Жылдыз көккө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.
Кайырма:
Дайра ташып чамынганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.
Кутман Жолдошев — Барам сага тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2112