Датасы: 12.10.2020
Формат: mp3

Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.
Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.
Сыйласын-сыйлабасын башка бирөө,
Ырымды билгендердин,
Сырымды билгендердин эсиндемин
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кыргызбай Осмонов — Баркымды билгендердин эсиндемин тексти: 10 комментарий

  1. Даггы коп кыргыз ырларын жуктогулочу сураныч

    1. Ассолому алейкум тууганым
      Жакшы ыр саптарын чыгарыныздаар.
      Ийгиликтер каалаймын.

  2. Биздин уйдун гимини атам аяабай жакшы ырдайт

  3. Биздин уйдун гимини атам аяабай жакшы ырдайт

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *