Датасы: 16.10.2020
Формат: mp3

Апапак ай нуру сырдуу кече
Экөөбүз таанышкан сыйкырдуу кече.
Күлүктөрдөй жарышып, күндөрүм шашат.
Кубанып жаш балача, өмүр бел ашат.
Өзүңдөй жакшы жанга, өзгөчө жанга,
Махабатым жаз болуп, гүлдөрүм ачат.
Көзгө сүйкүм көрүнөт баскан-турганың,
Ышкы дартың ырбатып назик кыялың.
Жалынып бар сөзүңдү талбай угамын,
Жароокерим таркабайт сенден кумарым.
Күнүмсүң, түнүмсүң бакытым өзүң,
Үмүтүм тилегим, жакыным өзүң.
Өмүрлөш, жүрөктө тапканым өзүң,
Кыялымда жашырып бакканым өзүң.
Апапак ай нуру сырдуу кече
Экөөбүз таанышкан сыйкырдуу кече.
Көрүшпөсөк көөдөндө кусалык ташып,
Тартылабыз тагдырдын тоолорун ашып.
Жоодураган көздөрүң күн нурун чачып,
Сен экөөбүз бир бүтүнгө калдык айланып.
Күнүмсүң, түнүмсүң бакытым өзүң,
Үмүтүм тилегим, жакыным өзүң.
Өмүрлөш, жүрөктө тапканым өзүң,
Кыялымда жашырып бакканым өзүң.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *