Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Ат жалында шамалдай ойнобосо,
Ала-Тоого жүрөгүн толгобосо,
Ата Журттун эртеңин ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Кылыч болуп душманга чабылбаса,
Сен дегенде селдей каптап агылбаса,
Жерин коргоп жарагын тагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Бабалардын салтына багынбаса,
Кырк чилтенге сыйынып жалынбаса,
Имерилип тоолорун сагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Калпак кийип башына эрденбесе,
Калк ишине билек түрүп шерденбесе,
Жети атасын сурасаң, «билбейм» десе,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Кыздарынын намысын коргобосо,
Абийир үчүн чеп болуп орнобосо,
Энесинин көз жашын ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Бири сымал көктө толгон жылдыздын,
Бири өңдүү сууда сүзгөн кундуздун,
Эл ичинде баш калкалап күн көрсө,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

КЫЗ — БУРАК тобу — Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын тексти: 44 комментарий

        1. Мне он снова очень понравился, и я был так счастлив после его выхода.

      1. Эл ичинде баш калкалап күн көрсө
        Деп жазылса көп ичинде баш калкалап күн көрсө деп айтып жатат ко ырдаган да?

      2. Эл ичинде баш калкалап күн көрсө
        Деп жазылса көп ичинде баш калкалап күн көрсө деп айтып жатат ко ырдаган да?

      1. Тыбыштык тузулушу окшош бирок маанилери ар башка создор.Грек тилиндеги homas(бирдей),onot (ат) деген создон алынган

          1. Эл Деген жерде ката бар экен айтылганла коп деп айтылтат

    1. Эл ичинде баш калкалап кун корсо Деген жерде коп ичинде баш калкалап кун корсо болт экен.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *