Асылзатым, азабым да жыргалым,
Сенсиз билбейм, кандай өтмөк жылдарым.
Салып алдың, өзүң билген бир күүгө,
Чертип жүрүп жүрөгүмдүн кылдарын.
Кайырма:
Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,
Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.
Ишен, жаным көкүрөктө от жалын,
Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз
Көңүл эргип, колдон сыям кургабай,
Андан бери өттү жылдар бир далай.
Кагып-согуп жатса дагы бул турмуш,
Келе атабыз сезимдерди булгабай.
Жароокерим, жыргалым да азабым,
Капилеттен түшкөн эле назарым.
Баштап алып, ошол күндөн, ушул түн,
Бүтпөй келет, бүтпөйт сүйүү казалы.
Лира Раимбекованын аткаруусунда сонун чыгыптыр! Рахмат! Колкуп-ташып ырдаптыр! Талантыныз ташкындай берсин!Уккан сайын уккун эле келет экен!
Ото соонун
Сонун
Сонун ыр укансайын укун келет талантынызга тазим
Эжеке соонун ырдаптыр!
Ырдын обону Намат Накешовго таандык
Жүрөккө жеткизе ырдалыптыр. Рахмат.
Ооба талантына таазим
Ырдынсозун да, обонун да жазган автор Замирбек Үсөнбаев болсо керек эле. Эмнеге аты аталбайт
Жакты
Эн сонун
Очень круто