Шайыр шатман жансың чындыгында
Эрке мүнөз кызсың эмне мынча
Эки көзүң чайнап бийлеп ырдап
Кызыктырат чиркин кылыгың да
Мен сени издеп далай сыздадым го
Мени кызгансын деп кылганың го
Сезимим азап тарканын билбей
Сен шүмшүк мени кыйнадың го
Кайырма:
Туфлийиң тык-тык
Жүрөгүм дүк-дүк
Жүрөсүң кайда сен шүмшүк
Жүдөдүм күтүп
Жүдөтпө мынтип
Жүрү эми кеттик ай шүмшүк
Сүйүүмдү уурдап
Сүйдүрүп жыргап
Багынтып мени алгансың
Көңүлдү алдап
Көздөрүң арбап
Багынтып мени алгансыңбы
Көп жигиттер сага тийишет го
Сени сүйөрүмдү билишпейт го
Кызганамын жиндеп ичимден тилдеп
Алар сага неге көз ирмейт го
Канчадан сени курдум да
Боз көйнөк кийсең оорудум да
Суктанып баары кызгантып мени
Сен шүмшүк дагы сулуусуң да
Жигиттердин баары сени сүйүп калды
Бирок бизди карабадың кайкаладың каадаландың
Кагылайын каражаным кан жанымды сага арнадым
Кара чачың кара кашың кара көзүң
Сүйүп калдым
Сонун