Кемебиз калкып жай гана
Үстүндө бийлеп жай гана
Байкоосуз жерден кабылып
Байландым сизге арбалап
Жүрөктү эзип сагыныч
Тартпасам болбос сарсаана

Кайырма:

Вальс вальс вальс
Бийледик кын алышып
Вальс вальс вальс
Көзүбүз сыр алышып
Вальс вальс вальс
Сезимдер жетеледи
Сездирбей азгырышып

Ээрчишип бастык кармашып
Эскирбес сүйүү арнашып
Салкын жел сокту айланып
Олтурган кезде жанашып
Окшотуп бизди өзүнө
Аккуулар турду карашып

Билинбей өттү убакыт
Баратат жылып күн батып
Коштошоор мезгил келди эми
Кош деген жылуу сөз айтып
Дагы да болсо суктанып
Колуна алат убакыт

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *