Түндөгү менин түшүмдө,
Түйүнүн чечип түшүнсө.
Түңүлбө менден, жаш көңүл,
Түбөлүк үчүн түзүлсө.
Абасы менин түшүмдө,
Абайлап эркем түшүнсө.
Алдагы көргөн ал түшүм,
Арыбас үчүн түзүлсө.
Түшүмдө көрүп сени мен,
Түн уйкумдан тим кайтам.
Сен үчүн көргөн түшүмдү.
Өзүңдөн башка кимге айтам?