Жөнө балам сен чоңойдуң айлы журтка барып кел
Айыл -апа кандай жатат бир кабарын алып кел
Чоң атаңдын короо жайын чөп баскандыр белчеден
Чалдын сөөгүн бир агартып чар тарабын чабып кел
Кайырма:
Айда балам жылкыңды
Ата-баба журтуна
Ат дүбүртү ата үнү бир жаңырсын кыр кырда
Кол чаначтан кымыз ичкен
Кыргыз элем кырдагы
Тундурмадай тунук кезим
Төгүлдүмбү турмушта
Чоң апаңдын кемегесин бир түтөтүп жагып кел
Келинге деп тиккен эле көшөгөсүн тагып кел
Коңшу-колоң туугандардан үйдү жайды таабышта
Өңдө калган жалгыз така там бооруна тагып кел
Айда балам жылкыңды
Ата-баба журтуна
Мен куруйун шаар кезип
Айыл калды унутта
Жети атаң баскан жер
Жетиси бүт жаткан жер
Мени тартпай чоң атаң тарт
Журт таштабайт кыргызда
Ээсиз калган жайыттагы малын журтка айдап кел
Ээсин дагы сагынганды дал өзүндөй жайгап кел
Мен кеткенде минген аты аза тартып бош эле
Чөн атаңдын намысына чаптар атын байлап кел