Ал күнү сенин добушуң болчу дилдирек,
Сүйүүдөн бекен, сүрдөдүң бекен ким билет.
Арзыдым билсең, албырып жүзүм от болуп,
Асманда Ай да аярлап калган токтолуп.
Кайырма:
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
«Сүйөмүн» дедиң жүзүмдөн сүйүп акырын.
Жүрөгүм туйлап сүрдөдүм мен да, асылым,
Сыдырым желге саамайың учуп сеңселет,
Жан дүйнөм сага сүйүүсүн айтат эркелеп.
Кайырма:
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жалжылдап жайнап, жалт карап алган көздөрүң,
Жаныма жакын, жагымдуу болчу сөздөрүң.
Санаага салбай, сагынтпай такыр башканы,
Сагындым сени, сагынтты мени жаз дагы.
Кайырма:
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Мелис Абдрашитов — Жазгүлүм тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 140