Кар сапырган кыштын ызгаар аязында,
Кыялым бир гүлдөй, кооз талаасында.
Колтукташа басчу элем сени менен,
Көздөрүңдүн кымыңдаган карасында.
Кызгалдак гүлдөрүн, кызгалдак гүлдөрүн арнаймын сага…
Бой ыргаша аркы-терки, жалбарына, жалбарына, Болот кумар алар сенин жамалыңа, жамалыңа.
Жыпар аңкыйт теребел бүт, торгой таңшыйт,
Көктөм кандай көркөм, кооз, жыргалыма.
Кызгалдак гүлдөрүн,
Кызгалдак гүлдөрүн арнаймын сага…
Минюра Рахимжанова — Кызгалдак гүлү тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 295