Датасы: 14.10.2020
Формат: mp3

Сен кат жаздың, катыңда бар сүйүнүү,
Сезимдеги сырларыңдын түйүнү.
Сага бирөө жүрөк сырын ачканбы,
Сунганбы же бал катары сүйүүнү?
Сен кат жаздың, кубанычың батпаган,
Сүйүү мына ишеничиң актаган.
Бар байлыкты эми бекем сактай бил,
Бакыт деген бир ордунда жатпаган.
Кайырма:
Мен кат жаздым, тагдырыңа таарынба,
Башка түшөт кыйынчылык баарына.
Жашык болбо, сабырдуу бол,
Жазганы бар сенин дагы багыңа.
Сен кат жаздың, катыңда бар кусалык,
Калгандайсың кайгы-муңга тушалып.
Бир кездеги сүйүү балын таткызган,
Билинбестен кеткен экен уу салып.
Кайырма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *