Ал ачылган ачылган гүлдөй
Ал жарык күндөй
Нурун чачып көрүнөт
Ал дүйнөдөгү пери
Канатын керип
Периштемдей көрүнөт
Ал мени кыйнады
Жүрөктү алды
Ойлонтуп түнү бою
Ал кайгыга салды
Аябады
Деги кандай анын ою
Ал тунук булактай
Таза абадай
Жан дүйнөмө дем берет
Мен ааламга батпай
Айламды таппай
Бой жетсе да кол жетпей