Балам дейсиң көрбөй калсаң тартып санаа,
Бактылуусуң караанымды көрүп гана.
Бой жеткирип өстүрдүңүз асыл энем,
Бал уйкуңду, түн уйкуңду бөлүп мага.
Билем, ата, бой жеткенче эркелегем,
Билем, ата, үмүтүң чоң эми менден.
Чоң ата бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
«Садагам» деп мээримиңди төгүп мага,
Кичинекей дале көрүп мени, апа.
Көңүлүңүз ачык болуп, дүйнөң түгөл,
Көлөкөмдү тээ алыстан көрүп гана.
Жетилди эрке балаң эркелеген,
Өзүңөрдү жазбай тартам, ата-энем.
Чоң ата бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
Чоң эне бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
Ойлономун силерди мен күндө-түндө,
Ишенгиле, силер дайым жүрөгүмдө.
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт,
Бардыгынан ата кымбат бул дүйнөдө.
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт,
Бардыгынан эне ыйык бул дүйнөдө.
Мирбек Иманбеков — Ата-эне тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 23506
Мага жакты айрыкча обону ❤️
Эн соонун ыр мага жакты
Ата энелер
Мен бул ырды укандан бери угуп журом
Мага жакты
сонун ыр экен мага жакты кайра кайра укун келет го
Эң сонун ыр, обожаю эту песню молодцы❤️
ЖАКШЫ ЫР ЭКЕН РАХМАТ СИЗГЕ БЕЙКЕМДИН АТЫ ДАГЫ МИРБЕК РАХМАТ СТЗГЕ УШУНДАЙ ЫРЛАР ЧЫГАБЕРСИН.МАГА ЖАКТЫ
ЖАКШЫ ЫР ЭКЕН РАХМАТ СИЗГЕ БЕЙКЕМДИН АТЫ ДАГЫ МИРБЕК РАХМАТ СТЗГЕ УШУНДАЙ ЫРЛАР ЧЫГАБЕРСИН.МАГА ЖАКТЫ