Акыр тагдыр экөөбүздү кошкон жок,
Ак сүйүүнүн убалынан корккон жок.
Бирге басып сыр чечишчү күндөрдө,
Эки жүрөк бир мезгилде соккон жок.
Кайырма:
Мен ыйладым сен жар болуп жатканда.
Мен сыздадым сен жыргалга батканда.
Ары карап көрмөксөнгө салдың сен,
Көздөн жашым мөлт-мөлт этип акканда.
Айла канча, тагдырыма таарындым,
Жардам сурап Кудайыма жалындым.
Эч ким мени аябады, укпады,
Арман жашоо айланып сага кабылдым.
Кайырма: