Көп жылдар акты, дайрадай түтөп,
Көрбөстөн сени, кусалык күчөп.
Тагдырым болбой, кай жакта калдыӊ?
Ууздай дүйнө эсиме түшөт.
Кайдасыӊ менин, көк толкун бактым?
Кулагыма үнүӊ угулат.
Жаштыгым алдыӊ, өзөккө баттым,
Азыр да менде арман тыйылбайт.
Өрүкзар болот, баспай көз кайра,
Өрүлбөйт сенин чачтарыӊ майда.
Жүрөктү бийлеп умсунтуп турган,
Жийде курак мезгилиӊ кайда?
Кай жакта калды жылдыздуу түндөр?
Жалынсам кайра, кайра келеби?
Жаз келди мына, жайнады гүлдөр,
Шыбырайт сүйүү, сүйүү илеби.
Азыр да менде арман тыйылбайт…
Мирлан Жетигенов — Эңсөө тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 67