Ажарлуу сулуу көрдүм бир башкача
Аны көрүп токтоп калдым эстен тана
Карашы жылдыздардын жымындашы
Карасаң көз уялат күн сыяктуу
Кайырма:
Мен ал кызды сүйүп калдым
Сүйүүмдү арнашкан сапар алдым
Карагат го көздөрүңдүн
Кареги жүрөгүмдү жаралайт го
Элеси эстен кетпей уйкум качты
Көз карашы жүрөгүмдү ээлеп алды
Жолуга албай ал сулууга мен кайрадан
Көңүлсүз күндөр өттү таңдар атты