Өкүттүү кусалуу жараттуу
Өзгөчө армандуу азаптуу
Өзүктү тытмалап дагы бир түн
Өзүңсүз дагы бир таң атты
Кайырма
Мелжиген дүйнөгө батпайм чын
Мен келем сен эшик ачпайсың
Мен жетчү бактыны ыйлатып
Мен кетчү жолума таштайсың
Сенсиз мен адашкан жөжөдөй
Сени издеп чыйпылдап жөнөмөй
Серпилсем бир сенсиң билмексен
Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй
Сен көп мен чыга албас санааны айт
Сүрүлгөн сүрүлгөн жаран айт
Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы
Сүйдүргөн сүйгөндү аябайт