Ойлонуп, сыздап жүрөмүн,
Калп эле сырттан күлөмүн.
Апамдын дартына даба,
Кудайдан тилеп жүрөмүн.
Кайырма:
Жараткан өзү колдосун,
Ооруган жериң болбосун.
Алтыным менин апакем,
Арналган ыр ырдап берем.
Иштеген ишим алыста,
Баш ийем жазган турмушка.
Апакем аман болсо экен,
Ырымды жаздым кагазга.
Кайырма:
Кыстаган турмуш күндөрүм,
Ирмебей карек түнөтүп.
Ооруган жерим жакшы деп,
Башымдан сылап бир өптүң.
Нарынбек Калыбаев — Апакем тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 297