Ушул ырды сага арнасам,
Ырдагандан эч талбасам.
Жанашкан жарым бар туруп,
Болбойт го сени алдасам,
Болбойт го колуң кармасам.
Кайырма:
Мажүрүм талдай ийилген,
Ыйманы ачык билинген.
Ак-Буура бойлоп жолуктум,
Аттиң, ай, болсоң колуктум.
Таза сенин дилиңден,
“Ака” деген тилиңден.
Ах, кара карагат көздөрүң,
Балдан да таттуу сөздөрүң.
Канткенде сени унутам,
Эртелеп сага жолуксам,
Түгөйүм болмоксуң жоолукчан.
Кайырма:
Жаздыкка жашым тамчылап,
Жүрөктү эздиң жанчылап.
Болду эми түшкө кирбечи,
Тааныба, такыр билбечи,
Жөн гана көргөндө сиз дечи.
Кайырма:
Нарынбек Калыбаев — Оштук кыз тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 319