Сагындым мен өзүңдү,
Сиз деп айткан сөзүңдү.
Унута албайт окшоймун мен,
Сенин кара көзүңдү.
Кайырма:
Эсиңдеби сен жаным,
Сүйөмүн деп айтканың.
Мени ушунча ишендирип,
Неге мени алдадың?
Алтыным мен күнүгө,
Сени көрөм түшүмдө.
Мына азыр олтурамын,
Ырым арнап өзүңө
Кайырма:
Кайда кеттиң сүйгөнүм,
Сени күтүп жүрөмүн.
Элесимде, көз алдымда,
Сен жылмайып күлгөнүң.
Кайырма:
Назира Кадыева — Эсиңдеби? тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 270