Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы,
Өчпөгөн улуу күндөн шам сурачы.
Баладай көз какканда бирди көргөн,
Эненин этегинде барпырачы.
Кайырма:
Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы,
Шооладай туңгуюктан жаркырачы.
Уча бер талыганча канаттарың,
Келгиче өмүрлөрдүн аркы жазы.
Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы,
Алдыда өмүрлөрдүн жарпын жазчы.
Мен качан сууга чаңкап калган кезде,
Тандайга тамчы болуп тамчылачы.
Кайырма:
Улетай, журавлик мой, в ночную даль,
Унеся за гаризонт мою печаль.
Ты лети пока не сбудутся мечты,
И наступит время счастья и любви.
Назми — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 2686