Жамгыр төгөт айланага,
Өзүн толо күч алат
Асман жердин ортосунда,
Бир ажайып нур жанат
Кайырма:
Дыбырт, дыбырт назик добуш,
Музыкадай угулат,
Дыбырт тамган жамгыр суусу
Моюн ылдый куюлат.
Кыз-жигиттер кыналышып
Кол чатырга жашынат
Кызгалдактар жерге ийилип,
Жамгыр суусу тамчылайт
Кайырма:
Адамдардын өмүрлөрү,
Жаап өтчү жамгырдай.
Адам өтсө бул дүйнөдөн
Ырыскыдан кар кылбай
Кайырма: