Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Урмат: Шириним, айткым келет, атыңды кайра-кайра,
Баа жеткис бал каймагым өзүң гана.
Чырагым, айткым келет, кайталап кайра-кайра,
Аккансыйм айлуу түндө чексиз дайра.
Неля: Жүрөгүм сага арнадым,
Жүдөткөн жан арманым.
Карачы, кандай сонун жарашканым.
Кайырма: Жаралганым, жан арманым,
Жараланган жүрөгүмдү сага арнадым.
Бал шириним, бар демимдин билем жаным, билем жаным, мен сендикмин,
Эзилем эрдиңден, эркиме бериле.
Неля: Капилет капкан сүйүү карманып бура албадым,
Кайратсыз канаттарым, кага албадым.
Байкабай таткан сүйүүм, багымдын гүлүн ачты,
Баралы келген беле махабаттын.
Жылытам кучагыма,
Жыпарым келчи мага.
Жылдызым, баткым келет жыргалыңа.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *