Датасы: 30.09.2020
Формат: mp3

Жанган оттой жалындап,
Жалгыз калды жалдырап
Жансыз согуп жүрөгүм.
Өксүп ыйлап зарыгам,
Эңсеп дайым сагынам
Унута албай өзүңдү.
Элесиң жүрөгүмдө уялап терең, Кусалык менен.
Арманда калган тагдырыма Багынып келем.
Кайырма:
Сагынганда айламды таппай,
Күтө берем жолуң карай.
Сүйүүмдү сага айта албай,
Жүрөмүн сыздай.
Алсыз болуп азамын,
Тагдыр-буйрук жазганын,
Тарттым сүйүү азабын.
Ооруп жүрөк эзилди,
Сен сезбедиң сезимди,
Эки жолдо биз эми.
Муңайып жан дүйнөмдү муздак дем каптай, Ааламга батпай.
Туңгуюк жашоом караңгылай, Таңдарым атпай.
Кайырма:
Сансыз ойлор менден үзүлбөй,
Кайрылып келчи күттүрбөй.
Ардагым, ээрчишип түбөлүк
Биз жүрөлү…

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *