Кара жер тойдубу шум ажал боору ташбы
Жаркылдап түз жүргөн жан досум дүйнө салдың
Антташкан шер элең сөзүңө бек элең
Эскерем өткөндү көз ирмем болуп калдың
Кайырма;
Жалганга кол шилтеп мезгилсиз кеттиңби
Таарынып жашооңо өмүрдү кечтиңби
Беш кундүк дүйнөдө аз болсо саз жашап
Менден да биринчи чындыкка жеттиңби
Жатканың жайлуу жаннатта жаның болсун
Кабырың кысылбай нур чачып жарык болсун
Ыйладым сыздадым өкундүм айлам жок
Жакшы элең жаш элен барганын бейиш болсун
Нурбек Курманбеков — Досума тексти
Датасы: 17.12.2024 Көрүүлөр: 5640