Датасы: 20.05.2024
Формат: mp3

Бараткан ак жолумдан түн ыраактап,
Актым мен сен тарапка күнчубактап.
Алдымдан чыга калсаң сунайын деп,
Актым мен сен тарапка гүл кучактап.

Кайырма:

Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.

Алмаздай курчуй бердим, бүлөнбөдүм,
Тамчыдай тама бердим, түгөнбөдүм.
Элесиң жылдыздардай жылт-жулт этип,
Мен дагы жылдыздардай түмөндөдүм.

Кайырма:

Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.

Таң атты. Тереземди кенен ачтым,
Жел менен үйгө кирди бир тал бактым.
Нур чайып жаздыгымдын бир жак четин,
А мен дале ойгоо жаттым, ойгоо жаттым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *