Жарыкты суук тебелеп,
Жылдызды көккө себелеп.
Түн кирди жумшак жып-жылуу,
Ай кылып көздү тегерек.
Жымырап жылдыз төмөндө,
Ай санайт баарын түгөлдөп.
Ак куулар ойнойт өркөчтүү,
Толкунду минип жүгөндөп.
Кучактап жумшак булуттай,
Сүйөмүн дедиң унутпайм.
Ошол сөз мага гүл болуп,
Жүрөктө өсөт уруктай.
Унутпайм ошол кезимди,
Өчүрбөйм ошол сезимди.
Армандуу кылам өзүмдү,
Жылдызга толгон көзүмдү…
Нуриза Абазова — Сезимдеги издер тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 393
Жүрөктө өнөт уруктай