Сен тартынбай мага карачы,
Колуң сунуп колум кармачы.
Түбөлүктүү болуп мен менен,
Көп кыйнабай менин санаамды.
Кайырма:
Мен суранам, сенден суранам,
Сен кайрылсаң абдан кубанам.
Колтукташып сен менен басып,
Алкымыңдан ай мен жыттасам.
Түшүнбөдүм сенин оюңа,
Бере албадың каттын жообуна.
Жүрсөң керек сен да кыйналып,
Ойго батып сарсанаада.
Кайырма:
Оо, сүйгөнүм менин Назира,
Жүрөгүмдө жалгыз сен гана.
Кармашып колубуз дайыма,
Калсынчы, садагам Назира.
Кайырма:
сонун мага жакты