Бир өзүңсүң көңүлүмдө,
Сүйүү болдуң жүрөгүмдө.
Мени сендей ардактаган,
Ким бар дейсиң бул өмүрдө?
Кайырма:
Асмандагы айдай жандың,
Сен жашоомду саймаладың.
Мени сүйгөн жүрөгүңдүн,
Кагышынан айланайын.
Сага мен да болдум кумар,
Жүрөгүмө тактың тумар.
Сенин сүйүүң жалындаган,
Мага тирек болуп турар.
Кайырма:
Сенин сүйүүң алга сүрөт,
Үмүт болуп менде жүрөт.
Сүйкүм жүзүң көргөнүмдө,
Бир мен эмес, дүйнө күлөт.
Кайырма:
Абдан сонун
Чоткий
Ката
Ката
Эң сонун
Рахмат
Эээ сонун ыр
Ырдын атын табпай кечке издеп атып таптым
Өтө соонун
Жакты
Тура эмес жазылган ыр экен бүрөк бул жөн гана кавер