Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Тарыхы бар нечен,
Ынтымагы дайым бекем.
Ала-Тоо — бешигим,
Башым ийип, таазим этем.
Керемет аймагы,
Желбиреп турсун байрагы.
Булагың таш жарып,
Булбулдай сайрагын.
Кайырма:
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт,
Өзүңсүз атпайт таңым.
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным,
Аябай тамчы каным!
Мекеним, медерим,
Ыйыксың, аны сеземин.
Түбөлүк сактайбыз,
Түшүрбөй бийик желегиң.
Баарыбыз бул тапта,
Баркыңды сезбей турсак да.
Кемитпей беребиз,
Келечек урпакка.
Кайырма:
Менин алтын уям,
Бакытымдай туям.
Уча бер оболоп,
Бардыгы оңолот!
Кайырма:

Омар — Кыргызстаным тексти: 33 комментарий

  1. Булагын таш арып дегенди Булагын таш жарып деп койдун

    1. Булак кантип ташты армак эле ,таш жарат да ,туура эле турат

    1. Билем мен бир өзүңдө бар ырыс бакыт дегенди бар дегенди жок экен…

  2. Билем мен бир өзүңдө бар ырыс бакыт дегенди бар дегенди жок экен…

  3. Ыр эң сонун! Сөзү да, обону да, үнү да! Үй бүлөбүз менен сүйүп угабыз. Көздөн жаш айланат… Кыргызстан❤️❤️❤️

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *