Элесимден, кетпейт эсимден,
Баягы көз карашың тиктеген.
Көздөрүңдөй сенин сулуу карагат,
Таппай койдум дүйнө жүзүн аралап.
Өкүнөмүн, эми кайдан табам?
Кайда экениңди айтсаң, издеп барам.
Жүрөгүмдөн орун ээледиң, жан,
Көздөрүм сени дагы тиктөөгө зар.
Өттү күндөр, дагы качан көрөм,
Дагы кайсы күнгө чейин ыйлайт жүрөк?
Ал жүрөгүм сен деп гана согот,
Эч бирөөнүн ага кереги жок бөлөк.
Сенсиз жашоо мага азап-тозок,
Жалгыз аны сүргүм келбейт, кереги жок!
Менин жашоом сени менен кызык,
Сенсиз жашоо — бул бир гана жалгыздык.
Кайырма:
Эч эле эстен кетпейсиң,
(кетпейсиң эмнегедир…)
Көз карашыңдан, секетим.
Эстен кетпейт элесиң,
(элесиң, эмнегедир…)
Көздөрүңдөн секетим.
Сүйкүм элес, сени көргөн кез,
Дале ушул күнгө чейин эстен кетпес.
Жүрөгүмдө ошол сезимдер,
Эмне үчүн алар кайра кайтып келбес?
Жок дегенде, көрүнүп эле кой,
Сага болгон жылуу сезимдер ойго.
Сени сүйөм ушул күнгө чейин,
Сени издеп жүрүп, көлдөй аккан терим.
Эмне кыйнайсың, эмне кылдым сага?
Көргүм келет сени, жетпегендей аба.
Сенсиз жашоо өз нугундай эмес,
Сени сүйөм, бирок сунган колум жетпес.
Эми билбейм, дагы кайда барам?
Сени таппай издеп, дагы жалгыз калам.
Менин жашоом сени менен кызык,
Сенсиз жашоо — бул бир гана жалгыздык.
Кайырма:
Руслан Абылов — Секетим тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 379