Ай жүздүү ашыгым,
Майда жай басыгым.
Сүрдөнөм сенден сүйлөбөй,
Сүйгөн жан, асылым.
Кайырма:
Сен барда айланам, гүл болуп жайнаган,
Булбулуң болоюн багыңда сайраган,
Булбулуң болоюн багыңда сайраган.
Баруудан тартынам,
Бакыраң татынам.
Мөөрдүн мөлтүр сиңдиси,
Өзүң бол каркырам.
Кайырма:
Эл айткан баягы,
Махабат баяны.
Жомоктой болуп бүтсө экен,
Сүйүүнүн аягы.
Кайырма:
Торгоюң болоюн,
Тоодогу сайраган.
Рустам Сагыналиев — Махабат баяны тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 1112