Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.
Сүйүү оту турса көзүңдө,
Сүйүнүч турса сөзүңдө.
Сабактан бошоп сырдаштык,
Алтынчы күнү кечинде.
Сырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Диплом алдың, сөз бердиң,
Алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн кезинде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Алтынчы күнү кечинде.
МагаРыспай АбАбдыкадыровдун ырлары аабдан жагат
Ассаламу алекум,бундай талантуу унду андамдар дуйного Бир келет, мага ырлары абдан жагат манилуу ырлары
Жакшы эле
Эн жакшы ото маанилуу ырлар.