Атка бир (гана) салган, э-эй, дилдейсиң, ий,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң, ий-ий.
Бир күн оору, бир күн соо, э-эй,
Алымкан, азабың тартса билбейсиң.
Бетегелүү майданым,
Пейли эле жакшы жайдарым.
Көлөкөлүү майданым,
Алымкан көөнү бир жакшы жайдарым.
Кашкардын (гана) тоосу, э, кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш, ий-ий.
Кайрылып мага келе кет, э-эй,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш.
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш,
Бурулуп мага келе кет, э-эй,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш.
Саркечтеп (гана) сайган, э-эй, жоолугуң,
Сарсанаа кылат жоругуң, и-ий.
Көркөмдөп сайган жоолугуң, э-эй,
Алымкан, көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен “Жаш кыял”,
Тыңдасаң (гана) боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң (гана) боло, Алымкан.
Саламат Садыкова — Алымкан тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 3354
Башка бироо эле ырдаса болмок