Ырдасам сөзүмдөсүң, обонумда,
Жылытат балалыктын нуру дайым.
Жашайсың менин бардык ойлорумда,
Тоолорум, тоо түбүндө турган айылым.
Көңүлдө уйкаш эмес сезим калсын,
Көк асман ачык күндүн нурун чачсын.
Өмүрдө эң кымбатым өзүң барсың,
Тоолорум, тоо түбүндө турган айылым.
Демине бак түшөйүн аскалардын,
Шоокуму бир тынбаган капчыгайдын.
Өмүрдө силерсиңер мактанарым,
Тоолорум, тоо түбүндө турган айылым.
Саламат Садыкова — Тоодогу айылым тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 327