Жамгыр тынбай төгүп жатты, төктү жашы шорголоп.
Биз экөөбүз турган элек ак кайыңга корголоп.
Ошондогу эсиңдеби, эсиңдеби, ынагым,
Алгач жолу тамызган күн махабаттын чырагын?
Жалбырактар дирилдешип, жамгыр аздап токтолуп.
Жанып турду бир укмуш күч жалын чачып от болуп.
Ошондогу эсиңдеби, эсиңдеби, ынагым,
Алгач жолу тамызган күн махабаттын чырагын?
Салима Балтаева — Эсиңдеби? тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 253