Өмүр эмес өлүм жүктөп келаткан,
Ар бир үйгө ажал түштүк жактан.
Бал уйкуда ойгон элек наристе,
Ойгонбостон кете берди кучактап.
Күлкү эмес күйүт ырын утурлап,
Күлүп чыккан күндүн нуру каякта.
Бир айылды ажал тооруп келди да,
Бир айылды жалмап кетти заматта.
Тоо-таш ыйлап талаа ыйлап таң ыйлап,
Аалам ыйлап көк да ыйлап жер ыйлап.
Боздоттурду кырсык басып кыргызды,
Асман ыйлап эне ыйлап жер ыйлап.
Учак учак уландырбай уул кызды,
Учкан бойдо багытыңа жетсең не.
Каргашалуу таңда конбой жериме,
Аман эсен мекенине кетсең не.
Атадан да энеден да айрылып,
Балпандай канаттары кайрылып.
Кай жазыгы үчүн боздоп турушат.
Ананайын Султан менен Жакшылык.
Аппак таңы айсыз түнгө айланган,
Жек көрөөрсүң ушул күндү садагам.
Орундагы ата-энеңди элпелегин.
Эр жигит эл күнүнө жараган.
Наристеси кучагына бек кысып,
Эне кургур бирсе илип көз жумду.
Бул жарыка келе элек аяна.
Бул өмүрдү көрбөй туруп көз жумду.
Канча үйдүн шам чырагын өчүрүп.
Бак таалайын тепсеп кетти бир учак.
Канча өмүргө ажал заарын ичирип.
Канча үмүттү үзүп тытып бырчалап.
Учак деген учуп тураар асманда.
Көргөн сайын көңүлүңдү сыздадып.
Жакындардан айрылган го шол эр мен.
Ээрчип жүрөөр жүрөгүңдү муздатып.
Мындан кыйын мындан оор күндө да.
Сабыр менен кайрат менен жеңгенбиз.
Улуу элбиз кыйын күндө бириккен.
Айкөл болуп бул жарыка келгенбиз.