Датасы: 27.04.2020
Формат: mp3

Кетерде көңүл жазылбай кеткен,
Көрүнүп жүзүң капалык чектен.
Койчу эми жаным, жылмайып койчу,
Жүрөктөн букту чыгарып эстен.

Кайырма
Тамаша айтсам күлөсүңбү?
Же таарынып мага жүрөсүңбү?
Таарынба мага, жайдары кара,
Өзгөртсөң эми, мүңөзүңдү.

Сагындым, өткөн күндөрдү эстеп,
Жыттагым келет, жытыңды искеп.
Баягы мүнөз каякта калган,
Канткенде аны табамын издеп.

Кайырма

Сырыңды айтчы, сыздады жүрөк,
Жылдыздай жүзүң канткенде күлөт?
Баятан бери мен арга таппай,
Табышмак сезим жүрөккө түнөп.

Самара Сабирова — Тамаша тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *