Айтпаңыз антип жүрөгүм ооруйт дебеңиз
Таянган тоом жөлөнгөн аскам элеңиз
Кеменгер ишкер керемет жолдор алдыда
Кемибей турсун кебелбей өмүр кемеңиз
Жүрөгүңүзгө жүк болдум бекен ашыкча
Жүрчү элем шерик болсом деп ырыс бакытка
Тынчытып өзүм тымызың тыйып алчу элем
Көңүлдүн кушун көкөлөп сизге ашыккам
Ырымды угуп турмуштук маани бердиңиз
Сагындым десем сабалап жетип келбеңиз
Ырларым менин ырааксыз сүзгөн балыктар
Балыктар менен бактылуу болгун мен деңиз
Жөнөкөй жанмын жөн гана сиз деп жашаган
Жүрөктү кыйнап жөнү жок азап жебеңиз
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз
Самара Сабирова — Жүрөгүм ооруйт дебеңиз тексти
Датасы: 15.06.2022 Көрүүлөр: 5726
ООто. Соонун.
Эн мыкты ыр мага аябай жакты
Соонун ырдайт Самара Сабирова