Датасы: 09.03.2022
Формат: mp3

Ардагым менин апакем
Аздектеп сыйлайм берекем
Таманы асты бейиши
Аруузат сенсиң энекем
Өзүңдү далай кейиттим
Акылга эми кезиктим

Кайырма:

Кечиргин апа кечиргин
Ак сүтүңдү актаар бекенмин
Кечиргин апа кечиргин
Ак батаңды алып жетилдим
Балам деп соккон жүрөгүң
Үзүлбөй ар күн мүдөрү
Кечиргин

Төрүмдүн көркү апакем
Мээримиң чексиз кең экен
Уул-кыздан көрүп сый-урмат
Эрчише жүрсө неберең
Умра мекке ажылык
Барганга сообу тең экен

Сагындым сени апакем
Көз жашты аарчыйм каректен
Жүрсө деп дайым дени сак
Кудайдан тилейм берекем
Кечиргин апа тентегин
Эркелеп сага келемин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *