Султан Садыралиев — Келчи тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Неге, неге, неге мага келбедиң?
Деги, деги, деги мени сезбедиң.
Сүйөрүмдү билип туруп, жаным,
Жообун бербедиң.
Кайра, кайра неге мени сыздаттың?
Жетелемин мени мынча кыйнадың
Кайрылчы эми мага кайра келип
сенден сурарым.
Кайырма:
Келчи, сен келчи, келчи, кайрылып келчи
Келчи, сен келчи, келчи, кайрадан келчи
Кара, кара, кара, кара көздөрүң,
Жаным, жаным, жаным деген сөздөрүң.
Сагындырып келет мени дайым,
ошол үндөрүң.
Эркелесең эрип кетет жүрөгүм,
Сүйөмүн мен сени гана сүйөмүн.
Куса болдум сага жетпей ырдап,
Болчу түгөйүм.
Кайырма:
Келчи, сен келчи, келчи, кайрылып келчи
Келчи, сен келчи, келчи, кайрадан келчи
Кээде катуу, кээде жумшак мүнөзүмдөн,
Таарынбачы айтканыма сенден бүткөн.
Кызганычтан таарынтканмын ошол күнү,
Сүйбөйт дебе, ал кыялым сүйгөнүмдөн.
Сени ойлоп күндө башым тегеренди,
Ойлорумду кур намысым тебеледи.
Мен жок болуп өмүр сүрсүн десең эми,
Мен түшүндүм кечир болду келчи, келчи.
Кайырма:
Келчи, сен келчи, келчи кайрылып келчи
Келчи, сен келчи, кайрадан келчи

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1616
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти276
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти190
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти116
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти99
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти69
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.