Каректен нуруң төгүлүп
Кат-каттап санаам бөлүнүп
Кайгыга салдың, карындаш
Картайган кезде көрүнүп,
Мен картайган кезде көрүнүп
Таң кылайып чыгыштан аткан кезде
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде
Махабатым сизге арнагам…
Ууртуңдан күлкүң төгүлүп,
Үгүлүп, санаам сөгүлүп.
Убайга салдың, карындаш,
Улгайган кезде көрүнүп,
Мен улгайган кезде көрүнүп.
Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Махабатым сизге арнагам…
Болумуң толгон ай белең?
Болжошуп күтчү жай белең?
Бой тумар сындуу, периштем,
Боз улан кезде кайда элең?
Мен боз улан кезде кайда элең?
Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам…