Kyrgyz-audio.com

Kyrgyz-audio.com

Кыргызча mp3 каталогу: Ала-Тоо таңшыйт, жомоктор жана башка кызыктуу аудиолор жана текстер жыйнагы.

  • Жаны / Новинки
  • Жыйнактар / Сборники
  • Эн мыкты / Лучшая
  • Ырчылар / Исполнители
  • Ырлар
    • Ырлар 2021
    • Ырлар 2020
    • Мугалим жонундо ырлар
    • Ата жөнүндө ырлар
    • Хит ырлар
    • Той ырлары
    • Эне, апа жонундо ырлар
    • Сүйүү ырлары
    • Мекен ырлары
    • Туулган күнгө ырлар
    • Комуз ырлары
    • Аккордеон ырлары
    • Эски ырлар
    • Гитара ырлары
    • Кайгылуу ырлар
    • Шандуу ырлар
    • Орусча ырлар
    • Жениш куну, 9 май жонундо ырлар
    • Казакча ырлар 2021-2024
    • Жаз жонундо ырлар
    • Мусулман ырлары
    • Озбекче ырлар
    • Балдарга ырлар
  • Жомоктор
    • Кыргыз эл жомоктору
    • Аудиожомоктор
    • Cыйкырдуу жомоктор
    • Кыска жомоктор
    • Турмуштук жомоктор
    • Күлкүлүү жомоктор
    • Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор
    • Жомоктор суроттору менен
    • Коркунучтуу жомоктор
    • Орус эл жомоктору
  • Кыргызча минусовка
  • Аудио китептер
  • Караоке кыргызча
  • Байланыш үчүн
  • Facebook
Биздин сайтты смартфоңузга көчүрүүп алыңыз

Жаңы кошулду

  • Sam Kubatov — Болен тобой тексти 27.04.2025
  • NURI — Көрүшкөнчө тексти 26.04.2025
  • Bakr x Бегиш — Сен тап тексти 26.04.2025
  • Jeedesh — Бери кара тексти 26.04.2025
  • Айжамал Кабылова — Сенсиз деле тексти 26.04.2025

Элге жаккан топ 10 ырлар

  • Самара Каримова — Жеңиш күнү тексти(38)
  • Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти(21)
  • Нурзамат Иманалиев - Суйом деп айталбадым тексти(15)
  • Кайрат Примбердиев - Көк бөрү(13)
  • Лира Райымбекова — Жүрөктөгү жаз тексти(12)

Кокусунан тандалган

  • KG Эльмурат — Бактыңды тапкын
  • МАКСАТ-БИШКЕК тобу — Апама кат
  • Таалайбек Абдыганиев — Сагынычым
  • Мирлан Абдыраев — Жалжал көз (remix) тексти
  • Ulukmanapo x Dj Feray-Азалия тексти

Жаңы комментарийлер

  • Кеңешкан Алманбетова к записи Сыймык Бейшекеев — Арзуу тексти
  • Аида к записи Гульназ Чыныбек кызы — Өмүр тексти
  • Аноним к записи Айпери Кулбаева — Картайбачы, апаке тексти
  • Молдахан к записи Нурлан Насип — Алдаба (Remix) тексти
  • Кылычбеков к записи Таалай Бектурганов — Махабатым арманым тексти

Жумадагы топ ырлар

  • Кайрат Примбердиев - Көк бөрү(13)
  • Самара Каримова — Жеңиш күнү тексти(9)
  • Нурила - Айрылуу тексти(6)
  • Айганыш Абдиева - Сен болсоң жанымда тексти(4)
  • Акматбек Султан уулу - Кышкы махабат(4)
  • Нарынбек Калыбаев - Баткеним тексти(4)
  • Нурила - Махабат жок дебе тексти(4)
  • Bakr-Сирень тексти(3)
  • Жумагүл Раимжан кызы — Тынчтык болсун(3)
  • Назель — Комузчу тексти(3)

Кыргызча ырлар » Сыймык Бейшекеев

Сыймык Бейшекеев — Чоочун аял тексти

Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 7053
  1. play

    Чоочун аял тексти

Sorry, your browser does not support HTML5 audio.

Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Керемет, келишимдүү, кээде шаңдуу,
Кер аяк кетет тагдыр опурталдуу.
Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
Ичинен муң черткени аянычтуу.
Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
Тааныштык кокусунан, жай сурашып.
Эжеке, атыңыз ким, мүмкүн болсо,
Каларбыз да бир жерде учурашып?..
Болуптур, жигит, шагың сындырбайын,
Анчалык сурап калдың, атым Айым.
Түшүнгүң келип турса дагы терең,
Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
Ким менен шайтан басып, тааныштым деп,
Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп.
Канчалык сыр бербейин деген менен,
Ал аял билип койду, ушунда кеп.
Кете албай же жанынан, же сөз чыкпай,
Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
Тумчугуп, туталанып турганымда,
Баштады аял кебин мына мындай:
Жигит, сен менден анча чочубагын,
Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
Ага да азырынча кошуламын.
Бар эле бир кошуна зөөкүр жигит,
Үйүмө чала кызуу келди кирип.
Ал менин абийиримди төкмөк болду,
Канайым катын бол деп эшикти илип.
Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
Тургунуң, тургун, зөөкүр деп кыйкырам,
Же мага жардам берчү жан адам жок,
Мен аны колдон келсе жеген турам.
Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
Кет үйдөн, кеткин дедим, башым катып.
Ал акмак арсалаңдап жата берди,
Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
Ошондо акылымдан танып калдым,
Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
Бычакты ала коюп ашканадан,
Мына деп как жүрөккө сайып калдым.
Ушундай бул окуя, билгиң келсе,
Анан ал тиштенди да эрдин кесе.
Эркектер, эмне мынча зөөкүрсүңөр?
Деп мага жалт карады сүрдүү теше.
Камыгып мен өзүмчө канадым а,
Аялды ушунчалык аядым да.
Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
Көз жашын сүрткөнгө араң жарадым, ай.
Бир карын майды бузган бир кумалак,
Бүлдүргөн баарын мүлдө, алиги акмак.
Аялга бүт эркекти жек көрсөттү,
Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.
Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
Аял да терең ойдун кучагында,
Мен ага эми кантип кайрат айтам?
Тунжуроо, туталануу эселеди,
Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы,
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы…

Сизге балким булар жагат?

  • default-music
    Сыймык Бейшекеев — Маңкурт тексти
  • default-music
    Сыймык Бейшекеев — Шириним тексти
  • default-music
    Сыймык Бейшекеев — Жүрөк кыйкырыгы тексти
  • default-music
    Сыймык Бейшекеев — Кайдан келдиң? тексти

Один комментарий к “Сыймык Бейшекеев — Чоочун аял тексти”

  1. Аноним:
    18.09.2021 в 10:19

    Ырга соз жок!Аябай сонун ырдапсыз.Баарыгыныздарга ийгилик каалаймын!

    Жооп бериңиз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз Отменить ответ

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *

Ырлар жыйнактары

Жаны ырлар
Жыйнактар
Эн мыкты
Ырлар 2021
Ырлар 2020
Хит
Той
Эски
Шаңдуу
Кайгылуу
Энелерге
Аталарга
Кыздарга
Кичинекей балдарга
Мугалимдерге
Сүйүү
Мекен
Айылым
Туулган күнгө
Күз
Кыш
Аккордеон
Комуз
Гитара
Орусча
Өзбекче
Казакча
Мусулман
Facebook жазылыңыз   Жаны/Новинки  Жыйнактар/Сборники  Эн мыкты/Лучшая  Ырчылар/Исполнители  Жомоктор  Аудиокитептер  Жарнама боюнча   Автордук укук ээлерине 
© 2003-2025. Kyrgyz-Audio.com порталы.   Бизге жазыңыз: info@kyrgyz-audio.com.