Эски капчык

1 чи Like басыңыз.

Бир атанын үч уулу болуптур. Алардын экөө акылдуу, үчүнчүсү акмак экен. Бир күнү атасы үчөөнү чакырып, мындай дейт:

—  Иш мындай. Баарыбыз үйдө отуруп эмне кылабыз?  Мүмкүн араңардан жок дегенде  бирөөңөр  жер жүзүнөн бакыт издеп  жөнөөрсүңөр?

Макул болуп улуусу сапарга узайт. Атасы аны жолго чейин узатып, ийгилик каалайт.  Ал эми ага кандай бакыт  жолукканын, биз азыр көрөбүз. Биринчи күнү жакшы өттү,  экинчи күнү деле эч нерсе болгон жок, үчүнчү күнү кашайып, жазуусу бар үч айрылыш жолго туш келди: “Биринчи жол менен кетсең — атыңа жакшы.

Экинчиси менен кетсең — өзүңө жакшы.  Кийинкиси менен кетсең —  экөөңө тең жакшы!” Муну окуган жигитти ой басты: “ Кайсынысы биринчи, үчүнчүсү кайсы экенин билип ал эми!  Эң жакшысы — үйгө кайтайын”, —  деп артына жөнөдү.

Ортоңку уулу да бакыт издеп жөнөдү.  Баягы айрылыш жолго жеткенде, ал да ойлонду: “Таап ал эми, биринчиси кайсы, үчүнчүсү кайсы! Эң жакшысы — үйгө кайтайын”, — деп ал дагы артка тартты.

Акылсыздын кезеги келип, жолго чыкты. Айрылыш жолго жетти, ары ойлонуп, бери ойлонуп, мындай деп чечти: “Оң деген дайыма оң, ал сөздүн дагы туурасы.  Туура болсо, демек, жакшы.  Мына, мага да, атыма да жакшы болчу жол табылды,” — деп оң тарапка жөнөдү.  Биртке жүргөндөн кийин  жерде жаткан эски   капчыкты көрдү.

—  Эски болсо да жаман эмес, алып алсам болот! — деп чечти акылсыз. — Акчалуу болгондо, аны сала турган нерсем да  болот.

Аттан түшүп капчыкты алды.  Капчык күнгө  көөнөрүп, бырышып-тырышып калыптыр.  “Эч нерсе эмес, бырышып калган  нерсени  оңдоп коюу оңой”,- деген ойдо ушалап, сылап-сыйпап, жакшылап сүртүп койду. Качан гана капчыкты силкип жибергенде, укмуш нерсе болду:  үч эргежээл  пайда болду да, андан  эмне каалап, эмне буюрарын сурашты.

—  Эмне каалайм?  Акча! Ким бош капчыкты куруна байлап алмак? Ким мени жолдо бекер тамактандырмак эле?   Акчам болсо ачкадан өлбөйм, ошондуктан  бул жакка бир капчык алтын акча алып келгиле!

Бир-эки деп санагыча эргежээлдер көп  акчалар менен пайда болушту:

— Дагы эмне?

— Дагы эмне?  Мага эптеп нанга  эле иштебестен, акча да таап чогулта ала турган  иш берүүчүнүн үйүнө  жол көрсөткүлөчү !

—  Макул, макул.  Мына бул талаа менен жүрүп отур. Үч күн жүрсөң, кайчылаш жолду көрөсүң. Оң тарабына бурулсаң, өзүңө керектүү жерге жетесиң.

Акылсыз дал ошондой кылды. Ошентип ал үчүнчү күнү күн батаарда  бир хандын сарайына жетти.   Ага кызматка орношту.  Хандын жалгыз сулуу кызы бар экен.  Кыз акылсызды жактырып калды, бирок ага турмушка чыкмак кайдан?  Атасы уруксат бербейт.  Акылсызга да хандын кызы жакты, ага кантип үйлөнсө экен эми?  Хан аны угуп да койбойт,  кызын да бербейт.

  Ошентип убакыт  өтө берди.  Күндөрдүн биринде акылсызга бир ой келди.  Ал капчыкты силкип, эргежээлдерди чакырып, хандын кызын алып келүүгө буйрук берди.  Көз ачып жумгуча эргежээлдер кызды алып келишти.

— Уксаң, сулуу,-  деди акылсыз,-  сенин мага турмушка чыккың келбейби? Билем, сенин атаң макул болбойт,  аны эптеп көндүрүш керек-эй. Ал мени менен өмүр бою жашабайт, туурубу? А сен жашайсың. Анан эмнеге ал каршы болмок эле?

— Макул, макул, жигит,-  деп жооп берди ханыша,- атамды көндүрүүгө аракет кылып көрөлү.  Мына бул  шакегимди  менин макулдугумдун белгиси катары кабылда. Жүрөгүм сенде.  Буйрук болсо  үйлөнүп каларбыз. Азыр мен ылдамдашым керек, атам издеп калбасын.

—  Ылдамда, ылдамда,  ардагым. Ошентсе да сенин макулдугуңдун урматына мобул жупуну белегимди алып кой. Бул капчык жөнөкөй капчык эмес.  Өзгөчө, сен муну катуу силкибе, болбосо үч эргежээл чыга калып, жумуш сурап башташат.

Ал өз бөлмөсүнө байкатпай кирип кетмекчи болгондо хан атасы кызынын акылсыздын бөлмөсүндө болгонун байкап калды.  Аны суракка ала баштады:

— Кайда жүрдүң? Эмне болгон капчык? Кайдан алдың?- хан капчыкка көңүл бурду.

—  Атаке, бул капчык менен тамашалашууга болбойт! Аны силкибеңиз, болбосо эргежээлдер пайда болот!

—  Бер мага, өзүм  ынанышым керек!

Кыз эмне кыларын билбей, капчыкты берди.

Хан аны силкиди эле — эргежээлдер пайда болду.

— Эмне буюрасыз?

—  Акылсызды деңиздин ортосуна алып барып, эшик-терезеси жок мунарага  таштоону буюрам!

Көз ачып жумгуча деңиздин ортосуна жыгач мунара пайда болуп, ичине акылсыз отургузулду.  Хан кызынын  ыйлагандан башка айласы калбады.

Ошентип акылсыз чоң кырсыкка туш болду.  Эгерде башыңды  жоготпосоң, мээңди иштетсең,-  ар кандай кырсыктан чыгууга болот.  Акылсыздын да бул жолу мээси иштеп кетти. Ал ары ойлонду, бери ойлонду, акыры  макисин алып чыкты да дубалды чукулай баштады.  Чукуду, чукуду, караса —  үчүнчү күнү  чыпалак баткыдай тешик жасап коюптур.  Дагы үч күндөн кийин башы батып калды.  Акыры, тогузунчу күнү чоң тешик даяр болду. 

Шейшеп,  жууркандардан аркан жасады да, сууга түшүп сүзүп жөнөдү. Бирок эми кайда? Эч кайда бара албады. Оңдой берди болуп таңга маал балыкчылар тор тартууга сүзүп келишти.  Акылсыз аларды көрөр замат, үнүнүн болушунча кыйкырып, өзүнө боор ооруп коюсун өтүндү.  Балыкчылар боорукер адамдар эле, алар  акылсызды кайыгына  салышып, жээкке таштап коюшту. Бөтөн жер болсо дагы деңиз эмес кургактык экенине шүгүр.

“Бул жакта жөн эле кум тебелеп жүргөндөн көрө токойго барайын, жок дегенде жемиш чогултам,”-  деп ойлоду акылсыз.

Токойго баратса анын кооздугу укмуш эми! Аңгыча ызы-чуу угулду. “Тигил жакта кимдир-бирөөлөр урушуп жатышат окшойт”,- деген ой менен токойду аралап келип  акырын карады. Көрсө, аюу, ит, чымчык жана кумурска достор олжо талашып атышыптыр.

—  Жакшы достордун арасында ушундай болмок беле?!- деп кыйкырды акылсыз.

—  Кантели анан?- деп жооп беришти тигилер,-  бизге олжону бөлүп бере турган эч ким жок?

— Келгиле, мен бөлүп берейин.

Ошентип алардын олжосун акылсыз бөлүштүрө баштады. Аюуга  эң чоң жиликтерди берди, итке шыйрактарын, чымчыкка омурткасын, кумурскага баш сөөгүн берди.  Досторго мындай бөлүшүү жакты.  Ар бири өзүнүн үлүшүн жеп бүтүп, мындай дешти:

— Балакай, биз сага мындай адилеттүү бөлүштүрүү үчүн төлөп бергибиз келет. Анда мындай, эгерде сенин  жашооңдо аюу болуу керек болсо, кыйкырып эле кой: “Аюу, бул жакка!” Ошол замат аюуга айланасың.

Ит болуш керек болсо, кыйкыр: “Ит, бул жакка!” Ошол замат итке айланасың. Чымчык болгуң келсе, кыйкыр: “Чымчык, бул жакка!” Ошол замат чымчыкка айланасың. Кумурска болгуң келсе, кыйкыр: “Кумурска, бул жакка!” Ошол замат кумурскага айланасың.

Акылсызга ушул эле керек болчу. Ал ошол замат кыйкырды:

“Ит, бул жакка!- деп  итке айланып кетти. Ит болуп деңизге чейин чуркап барды да, кыйкырды: “Чымчык, бул жакка!”. Ошол замат ит чымчыкка  айланды.  Чымчык деңиз үстүнөн учуп өтүп, хандын кызынын терезесине конду да, сайрай баштады. Ханбийке уккуча сайрай берди. Анын үнү абдан уккулуктуу болгондуктан — кыз жакшылап тыңшагысы келип, терезени ачып салды.

  Терезени ачаар менен чымчык бөлмөгө учуп кирди да, адамга айланды.  Акылсыз, кызга баарын айтып берди.  Муну уккан ханбийке абдан сүйүндү.  Алардын кубанычы көпкө созулган жок.  Хандын кызматчыларынын бири  эшиктин оозунда тыңшап туруп,  акылсыз баягы неменин чымчык болуп учуп келгенин ханга айтты.

  Хан жинденгенинен кызарып-татарып кетти, сакчыларды чакырып  чымчыкты кармоого буйрук берди, өзү да жардамдаша баштады. Ошентип, акылсыз өз күчүн көрсөтүүгө  аргасыз болуп “Аюу, бул жакка!”- деп кыйкырды дагы, аюуга айланып, баарын катары менен жазалоого өттү.  Аягында   хандын өзүн кармады да, кыйнай баштады:

— Акылсызга кызыңды бересиңби, жокпу?

— Берем, берем, тирүү коё берсең эле болду!

Акылсыз адамга айланды да, эртең эле тойду өткөрүүнү талап кылды.

Эмне кылсын, хан аргасыз макул болду.

Бирок той өтөрү менен, хан жаңы нерселерди ойлоп тапты. Ал шайтан менен байланышып, күйөө баламды  жоготуп бер деп өтүндү. Ал эми  шайтанга мындай иштер абдан жагат да.  Анын хандын күйөө баласына жамандык кылбаган бир да күнү болгон жок.  Акыры акылсыз чыдабай кетип, колуктусуна мындай деди:

—  Эгерде бүгүн шайтан дагы келчү болсо, сен ага жакындап, сылык сүйлөп, анын  күчү кайда экенин сурап бил.  А мен бөлмөгө үч таякча алып кирем дагы, кумурскага айланып, баарын тыңшап турам.

Колуктусу макул болду. Күндүн жарымында  шайтан келди.

— Күйөөң кайда?

—  Ал бүгүн үйдө жок.

Шайтан буга ишенген жок. Бирок бөлмө ичин карап чыгып, анын жоктугуна ынанды. Ханбийке шайтандын сырын билиш үчүн аны сөзгө тарта баштады. Шайтан мисирейип, ашыкча сөз чыгарбады. Ханбийкенин аракети текке кетип жатканы менен бир кезде шайтан дагы анын сырын тарттырып алды.

— Менин укканыма караганда, сен күчүңдү коюнуңа катып жүрөт экенсиң. Аны ал жактан алып чыкчу болсоң ишиң бүтөт деп уккам, ушул чынбы?- деп кыз сураганында, шайтан:

— Жок, мен эч качан күчүмдү коюнума катпайм. Ал менин сөөгүм менен кошо бүткөн. Ал эми сөөгүмдү жандуулардан бир гана аюу талкалай алат,- деп сырын байкабай айтып алды.

Муну кумурскага айланып, полдун кычыгында тыңшап турган акылсыз угаар замат керектүү сөзүн айтып, дароо аюуга айланып, шайтандын сөөктөрүн быркыратып, жанын чыгарды.

— Экөөбүздүн иштерибиз абдан жакшы болот деп айттым беле?- деди ал анан колуктусун кучактап.- Ал үчүн бир-эки гана ишти аткарып, баардыгын өз ордуна коюшум керек. Мен биринчиден, хан атаңдан өз капчыгымды тартып алышым керек. Ал менин кайнатам болсо дагы сыйкырдуу капчыкты өзүмө каршы колдонду.  Болбосо капчыкты ага берип деле коймокмун,- деп чымчыкка айланып, хандын бийик терезесине учуп жетип, дароо кумурскага кубулуп, жылчыктан кирип, аюуга айланып хандан капчыкты тартып алды.

Андан соң капчыкты силкип, пайда болгон эргээжелдерге буйрук берип, бир заматта ханбийке экөө өз атасынын үйүндө болуп калышты. Ошентип өз жеринде хан бийке менен үйлөнүү үлпөт тоюн тойлошуп, капчыкты бир силкип, заңгыраган хансарайлуу болушуп, эли-журту менен жыргап-куунап, бактылуу жашап калышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.