Атайы келип мен көрдүм
Адырдын кызыл гүлдөрүн
Алышып ойноп жүролү да
Кайдасың келчи сүйгөнүм

Карай бир берип коз талып
Кайда экениң билбедим
Көңүлдүн кирин кетирип да
Көрүнчү көзгө сүйгөнүм

Гүл ичинде да олтуруп
Күкүк бир болуп үндөдүм
Кусадар кылбай жүрөктү
Колуңдү берчи сүйгөнүм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *